Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:08

Балыкчылыктар саясый куугунтукту токтотуу талабы менен президентке кайрылышты


Балыкчы шаарынын вице-мэри болуп иштеп турганда суу боюнча туура эмес тендер өткөргөн деген айып менен шаардык тергөө абагында үч айдан бери жаткан шаар депутаты Т.Медеркуловдун шайлоочулары президент К.Бакиевге кайрылуу жолдоду. Анда президенттин акыркы кайрылуусундагы: “Демократиялык реформага таянуу менен коомдогу ынтымак, өз ара келишимди калыптандырып, Кыргызстан калкынын биримдигин чыңдоо” жөнүндөгү пикири келтирилип, бирок иш жүзүндө жарандык укуктар тепселип атканы жазылган. Ысыккөлдүктөр элге эмгеги менен таанылган Э.Каптагаев, Т.Медеркуловго, ошондой эле мурдагы министрлер Исаков менен А.Жекшенкуловго козголгон кылмыш ишин токтотуу талабы менен президенттик шайлоо алдында акыйкаттыкты күтүп аткандыктарын билдирген. Демилгелүү топ башы Таалай Эшалиев учурда саясий себеп менен камакта жаткандарды бошотуу талабы менен эки миңге жакын кол чогулуп, алардын катары күн санап өсүп атканын маалымдады . (RB)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG