Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:28

А. Касенов: Кадыралиев коммерциялык мушташтарга катышып жүрчү


Бул тууралуу “Азаттыкка” Дене тарбия, спорт, жаштар иши жана балдарды коргоо агенттигинин жетекчисинин орун басары Алмаз Касенов билдирди. А. Касенов бүгүн ок жеп каза болгон депутат Санжар Кадыралиев эрежесиз мушташ боюнча коммерциялык оюндарда таймашып жүргөнү менен, чоң мелдештерге катышпагандыгын айтты. Каза болгон депутат Жогорку Кеңешке келгенге чейин криминалдык чөйрө менен байланышы бар болгондугун ички иштер министринин мурдагы орун басары, өлкөнүн Эркин күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев “Азаттыкка” билдирди. Депутат болгондон кийин мындай чөйрөдөн алыс болуш керек эле деген оюн айтты. Анын айтымында, С. Кадыралиев абдан чыгаан спорт чебери болгон эмес. С. Кадыралиев 1998-2002-жылдары Кыргызстандын “Панкратион” федерациясында инструктор, 2002-2006-жылдары бул уюмдун вице-президенти болуп иштеген. (EBM)

XS
SM
MD
LG