Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:03

Эл тарабынан президенттикке көрсөтүлүп жаткан А. Айтикеев кайрылуу жасады


Чүй облусунун Ак-Бешим, Мээнеткеч, Кегети, Кошой, Кош-Коргон, Чүй айылдарынын айрым тургундарынын 23-июлдагы президенттик шайлоого Акбаралы Айтикеевди катышып берүүсүн сурап жасаган өтүнүчүнө анын өзү кайрылуу жасап жооп берди. Анда «калк айтса, калп айтпайт, азыркы учурда саясий партиялар элдин тагдырын чече албай калды, элдин тагдырын миң жылдап эл гана чечип келген, мындан ары дагы элдин тагдырын эл гана чечиши керек», деп айтылат. Ошондой эле анда «саясий партиялар эмес, эл биринчи болуп президентикке элдик талапкерин көрсөткөнү - 2009-жылдын 23-июль күнү Кыргызстандын жаңы тарыхында биринчи жолу чыныгы элдик бийлик орногону» деп айтылат. Акбаралы Айтикеев 2005-жылдагы президенттик шайлоого да катышкан. Ал өнөр жай, айыл чарба кызматкерлеринин жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн кызыкчылыгын коргоо партиясынын төрагасы.

XS
SM
MD
LG