Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:58

БШК өлкө жарандарына эл аралык уюм атынан байкоочу болууга тыюу салды


БШК эл аралык байкоочулардын ишмердиги, макамы жана милдети жөнүндөгү жобосуна мына ушундай өзгөртүү киргизип, Кыргызстандын жарандарына эл аралык уюмдардын атынан шайлоого байкоо салууга тыюу салды. БШКнын төрагасы Дамир Лисовскийдин маалымат каражаттарына берген түшүндүрмөсүнө караганда мындай зарылдык кыргыз жарандарынын башка мамлекеттердин атынан байкоо салуусунда башка кызыкчылыктар биринчи орунга турушу мүмкүн. Ал эми "Жарандык коом жана демократия" коалициясынын президенти Динара Ошурахунова мындай жобо жарандардын укуктарын чектейт деп билдирди. Анын айтымында, БШК президенттик шайлоо калыс жана ачык өтпөйт деген кооптонуудан улам алдын-ала ушундай чектөөлөрдү киргизе баштады. Буга чейинки шайлоолордо кыргыз жарандары Американын Улуттук демократия институтунун жана чет мамлекеттердин элчиликтеринин атынан байкоочу болуп келишкен.(BD)

XS
SM
MD
LG