Бул күнү коммунисттер Бишкекте Владимир Лениндин эстелигине гүл коюшуп, чакан митинг өткөрүшөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги Коммунисттик фракциянын мүчөсү Анаш Сейитказиев “Азаттыкка” билдирди. Сейитказиев ошондой эле Ысык-Ата районундагы мектепте пионерге өтүү аземине катышарын кошумчалады.Коммунисттер келерки жылы Лениндин 140 жылдыгын, быйыл болсо Иосиф Сталиндин 130 жылдыгын белгилешет.(AiT)