Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:18

Кыргызстандын Кумтөр алтын кениндеги үлүшү көбөйөт


Бүгүн кыргыз өкмөт башчысы Игорь Чудинов менен канадалык “Центерра голд.инк” компаниясынын жетекчиси Стивен Ланг Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча жаңы келишимдерге кол койду. “Азаттыктын” кабарчысы Бекташ Шамшиевдин билдиришинче, келишимдерге ылайык, Кыргызстандын алтын кендеги 16 пайыздай акциясы 33кө жетет. 15 жылдан бери Социалдык фондго которуулардын эсебинен Кыргызстанга Кумтөрдөн 384 миллион доллардай акча түшсө, эми жаңы келишимдерге ылайык, кыргыз өкмөтү 2009-2026-жылдары 3,5 миллиарддай доллар алууну болжолдоп жатат. Андан сырткары өндүрүлгөн прокдукциянын 18 пайызы да казнага түшүп турмакчы. Ошондой эле компания кошумча нарк, сатыктан түшкөн салыктан бошотулбайт. Өкмөт башчы алтын иштеткен компания айлана-чөйрөгө келтирген зыяны үчүн жылына 310 миң доллар, жер салыгыны 1,25 миллион доллар төлөп турарын билдирген. Аталган компаниянын деректирлер кеңешинде буга чейин Кыргызстандын бир өкүлү болсо, эми дагы бирөө кошулат. “Центерра голд.инк” төрт жарым миллиард долларга жакын карызын кечет. Бул каражат 1998-жылы Барскоон алааматынын кесепетин жоюу үчүн берилген. Мындай келишимди убагында Алмазбек Атамбаев башында турган өкмөт сунуштаган, бирок аны мурунку-кийинки парламент өткөрбөй койгон. (EBM)

XS
SM
MD
LG