Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:53

Күрттөр ассоциациясы: Петровка окуясын оппозиция уюштурду


“Азаттыкка” берген интервьюсунда Кыргызстандагы күрттөр ассоциациясынын башчысы Рамазан Сейидов ушинтип билдирди. Петровкадагы окуяга өз алдыбызча иликтөө жүргүзгөндөн кийин ушундай тыянакка келдик деп билдирди күрттөрдүн башчысы. Ал ошондой эле окуяны курчутту деп айыл өкмөтүн күнөөлөдү.
Сейидовдун айтымында Кыргызстанда 25 миң күрт жашайт. Алардын ичинен Петровкада 100дөй түтүн жашайт. Алар 10-15 жыл мурда Жалалабад аймагынан көчүп келишкен.
4 жашар кызды зордуктады деген маалыматка байланыштуу чыккан жаңжал боюнча учурда Коопсуздук Комитетинин камагында беш киши отурат. Алардын катарында “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев, “Ата мекен” партиясынын мүчөсү Турат Мадылбеков, “Болуш” коомунун башчысы Сапар Аргымбаев бар. (BuS)

XS
SM
MD
LG