Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:30

Жаңылануу президенттин туугандарынан башталыш керек


Мындай билдирүүнү СДП фракциясынын жетекчиси Бакыт Бешимов бүгүн парламентте билдирди. Анын айтымында, Кара-Суу районундагы Савай айылынан 4 гектар жерди “Сали ата” фирмасы ээлеп алган. Ага айылдын тургундары каршы чыгып, депутаттарга кайрылуу менен чыгышты. Мына ушуга байланыштуу президенттин жакшы идеяларды көтөргөн жаңылануу идеясы президенттин туугандарынан башталыш керек. Алар президенттин атасына таянып жерлерди ээлеп албаш керек, деп белгиледи Бешимов. Ал ошондой эле Савай айылынын тургундарынын арызын Башкы прокуратурага да жолдогонун кошумчалады.(AiT)

XS
SM
MD
LG