Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:47

Президент К. Бакиев өлкө калкын 1-май майрамы менен куттуктады


Мамлекет башчысынын куттуктоосунда жаз жана эмгек майрамы катары салтка айланган бул күн көп улуттуу кыргызстандыктардын достугунун, боордоштугунун жана биримдигинин символу болуп кала берери белгиленген. Ошондой эле кыргызстандыктарга эмгек шарттарын түзүп берүү, төккөн мээнетинин акыбетине тете акы төлөө - мамлекеттин башкы милдети экендиги айтылат. “Жигердүү жана жаратман эмгек менен гана биз өзүбүздү да, өлкөбүздү да жаңылап, келечек белестерге жол чаба алабыз. Дүйнөнүн сесин алып турган кризисти биз талыбас эмгек, өзара сабырдуу мамилебиз, мекенчил курч сезим менен жеңебиз”,-деп айтылат президенттин куттуктоосунда. (AJ)

XS
SM
MD
LG