Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:28

Президент “Кумтөр” боюнча жаңы келишимди жактырган мыйзамга кол койду


Кыргыз өкмөтү, “Кыргызалтын” акционердик коому жана Канаданын “Центерра голд” компаниясы, “Кумтөр оперейтинг” коому, “Кумтөр голд” компаниясы, Канаданын “Камеко” корпорациясы ортосунда ушул жылдын 24-апрелинде жаңы келишимге кол коюлган. Аны Жогорку Кеңеш ратификациялаган мыйзамга президент кол койду. Эми ал жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирет. Жаңы келишим боюнча Кыргызстандын “Центерра голд” компаниясындагы акциясынын үлүшү 33 процентти түзүп калды. Мурда Кыргызстан акциянын 15,66 пайызына гана ээ болчу. Жалпы өндүрүлгөн продукциядан 18% салык төлөнөт. Жаңы шартта кен дагы 15 жыл иштеп, андан Кыргызстан 3 миллиард 400 миллион доллар табат деп болжолдонууда.(BD)

XS
SM
MD
LG