Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:32

“Ак шумкар” партиясы “Жаңы турмуш” деген аталыштагы манифест кабыл алды


Манифест адам ресурстарына, күрдөөлдүү экономикага, жоопкерчиликтүү жана натыйжалуу мамлекеттик башкарууга негизделет. Анда айтылгандай он сегиз жылдан ашуун убактан бери Кыргызстанда мыйзамдар иштебей, сатылып келди. Адам укуктары жана мүмкүнчүлүктөрү бааланган жок, өлкөнүн келечегине ишеним жоголуп, мекенин таштап, башка мамлекеттерге кетүүнү каалагандар көбөйдү. “Ак шумкар” партиясы келечекте Кыргызстанды укуктук, демократиялык гана эмес, социалдык мамлекет кылууну, жарандарга жакшы жана коопсуз жашоо түзүп берүүнү, бийликтин эл, мамлекет үчүн кызмат кылуусун, мамлекетти адам эмес, мыйзам башкаруусун шарттоону алдына милдет кылып коет, деп айтылат “Жаңы турмуш” манифестинде.(ZKo)

XS
SM
MD
LG