Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:33

Д. Сарыгулов: “Кыргыз болуу өтө кыйын...”


Кыргызстандагы майрам күндөрүнө байланыштуу бүгүн эки гана гезит жарык көрдү.

Мурдагы гезит баяндамаларыбыздын биринде маалымдагандай, массалык маалымат каражаттарынын катарына өткөн айдын бери “Көк асаба” деп аталган жаңы гезит келип кошулган. Бүгүн анын 3-саны жарык көрдү.

Кабарчынын суроолоруна жооп берип жатып, коомдук ишмер Амангелди Муралиев, өзү мүчөсү болгон “Ала-Тоо ынтымагы” деп аталган коом өлкөдөгү болуп аткан окуяларга көз карашын билдирип, экономиканы көтөрүү, бийлик структурасын өзгөртүү, тагыраак айтканда алдыдагы шайлоого чейин коалициялык өкмөт түзүү боюнча президент К. Бакиевге кат жөнөткөнүн, бирок эмдигиче жооп жоктугун билдирген.

Аталган гезит таланттуу киноактер Талгат Нигматулиндин өмүрүнө байланышкан “Жарк эткен өмүр же 36 жашты кыйган “олуя” Абай” атуу макала-иликтөөсүн окурмандарга сунуш кылган. Гезит дагы бир бетин келе жаткан Улуу Жеңиш Күнүнө арнаса, “Бүгүнкү адилетсиз доордо жакшылар жакырланды” деген маектешүүнү гезит кабарчысы менен “Теңир ордо” фондунун негиздөөчүсү Дастан Сарыгулов куруп берген. Дастан мырза маегинин бир жеринде: “...өзүмчүл, эки жүздүүлөрдүн доорунда таза, намыстуу, уяты бар жакшылар аргасыздан кедей болду... Андай жакшылар намысын, абийрин жогото албайт, арам ишке барбайт. Ошон үчүн кыргыз болуу өтө кыйын, бөлөк эл болуу оңой. Бөлөк элдердин саны ошон үчүн көп. Накта кыргыз алдап, сатып, сатылып жашай албайт” деген ойду айткан.

Ушул эле “Көк асаба” аркылуу Бишкек саясат таануу аалымканасынын деректири Кадыр Кошалиевдин “Жандүйнө азабы же идеологиябыздагы чоң казат” аттуу макаласы басылды.

Бул санга ошондой эле басылманын баяндамачысы, гезит табигый медицина боюнча эксперт атаган Мамат Болоттун “Пиво курсак, кемпир курсак эркектер көбөйдү” аттуу интервьюсу, таланттуу жазуучу, маркум Ашым Жакыпбектин “Теңири Манас” китебинен үзүндү басылган.

“Ачык саясат” гезити дагы бир оппозиция лидери Т. Сариев президенттик жарышка аттанганын, ал эми Үсөн Сыдыков башчылык кылган “Жаңы Кыргызстан” партиясынын баш катчылыгынан кетер-кетпесин генерал Исмаил Исаков 12-майдагы партиянын Бишкек шаарында өтө турган курултайында ачыкка чыгарарын кабарлап, президент Курманбек Бакиевге Петровка айыл тургундарынын, “Болуш” ассоциациясынын, “Жашылдар” партиясынын мүчөлөрүнүн жана С. Аргымбаев менен Э. Булекбаевдин туугандарынын кайрылуу катын жарыялаган. Кайрылууда минтип жазылган: “Урматтуу президент, Сизге кайрылууга Петровка айылындагы болгон окуяны ырбатпай, тез аранын ичинде ийри олтуруп, түз сүйлөшүү жолу менен чечүүнүн ордуна, күч органдары бир тараптуу кыргыз балдарын айыптап жатканы жана күч колдонуп, камап, коркутуусу себеп болду. Коомдук ишмер, райкеңештин депутаты Сапар Аргымбаевге жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эркин Булекбаевге “массалык чаң-тополоң уюштурган, элди улут арасында араздашууга чакырган” деген жалган күнөө коюп камакка алынышын күч органдарынын түркөйлүгү деп ойлойбуз. Сүйлөшүү жолу менен чечилбеген маселе коркутуу, камакка алуу жолу менен эч качан чечилбейт. Бул окуяны дыкат карап, С. Аргымбаев менен Э. Булекбаевди тез аранын ичинде УКК абагынан бошотулушун талап кылабыз!

Урматтуу президент! Бизге жеткен маалыматтар боюнча кырдаал оорлоп баратат. Эртең кокус окуя башка өңүттө кетсе, биз өзүбүздөн жоопкерчиликти алып салабыз” деп жазылган.

Буга улай эле окуянын күбөлөрү болушкан укук коргоочу Уран Рыскуловдун ”Мыйзамдарыбыз кир жууган машиненин инструкциясынан да төмөн иштеп жатат” деген, “Ата Мекен” партиясынын Чүй облусу боюнча координатору Турат Мадылбековдун “ИИМ министринин орунбасары Сабырбек Курманалиеевди сотко берем” деген аталыштагы макалалары да жарыяланды. УКК абагында 48 саат бою камакта жатып чыккан Т. Мадылбеков ага эч кандай күнөө кое алышпаганын, бирок УТРК “Петровка айлындагы тополоңду Т. Мадылбеков менен Э. Булекбаев уюштурду” деген жалган жалааны бүтүндөй Кыргызстанга таратканы үчүн улуттук 1-телеканалды сотко берерин да кошумчалаган.

Гезит андан ары “Улут аралык ынтымакка от ыргытпайлы” деген тема алдында айрым жарандардын Петровка жаңжалына байланыштуу ошол жеринде болуп өткөн жыйында айтылган ойлорун ортого салган.

ЖК депутаты Бакыт Бешимов: - Кант, Ысык-Атадагы эл талап кылып аткандай 10 күн ичинде бардык камалгандарды, алардын ичинде оппозиционерлерди да абактан бошотпосо, Кыргызстан боюнча мөөнөтсүз митингди баштайбыз.

Коомдук ишмер Мирослав Ниязов: - Бүтүндөй мамлекеттин кызматтары алдамчылыкка, кекирейүүчүлүккө жана коррупцияга баткан. Алар өз ишмердүүлүктөрүнүн кемчиликтерин жаап-жашырыш үчүн жарандык коомдун лидерлерин камакка алышууда. Биз канчалык өз тагдырыбызга өзүбүз кайыл, кайдыгер боло берген сайын акылсыз бийлик ошончолук бизди тебелеп-тепсей берет.

“Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев: - Биз мындай бийликтин арты жаман болот деп айтканбыз. Бакиев Петровка айлындагы окуя боюнча сүйлөгөндө эң негизгиси ошол жердеги бийликтин күнөөсү деди. Акимди, прокурорду, милийсаны дайындаган ким? Алар эмне кызмат кылышат? Алар “Сокулукка же Кара-Балтага Сариев келдиби?” деп аңдышат. Акимдин эртең мененки иш күнү: “Районго кайсы оппозиционер келди? Кимдерге жолукту?” дегенден башталат. Камап, коркутабыз дегениңер эч нерсеге өтпөйт.

ЖК депутаты Ирина Карамушкина: - Мен мурдагы тарых мугалими катары айта кетейин. Бийлик элди чоң саясаттан алагды кылгысы келгенде аларды бири бирине кайраштыра баштайт. Биз Жогорку Кеңештин сессиясынан жаңы чыгып эле мында келдик. Ал жерде “Ак жол” фракциясы кайра эле бул окуяга оппозиция күнөөлүү деп айтып жатат. Бирок биз буга ишенбейбиз.

Мындан тышкары гезит кабарчысы Айбек Шамшыкеевдин “Баш кесмек бар, тил кесмек жок” деген макаласы басылды. Макалада:“Курманбек Бакиев да тил сынагынан өтүп, “беш” деген баа алса керек. Чынында ажобуздун ал “беш” алганы элге беш тыйынча да кадыр алып келген жок. Аскар агасына окшоп эне тилге жакшылык кылбаса, кайсы бетибиз менен “кадыр алып келди” деп айтмак элек. Ушундан улам “тил сынагынын кереги барбы?” деген суроо туулат. Мамтил боюнча улуттук комиссиянын деректири Ташбоо Жумагулов “Азаттыкка” берген бир интервьюсунда:”Кыргызстандын президентине талапкер болгон адам Кыргызстандын тарыхын, үрп-адатын жана географиясын жакшы билиши керек” деген оюн айткан эле. Кыргыздын географиясын жакшы билген адам кыргыз жерлерин башка элдерге кармата койбойт эле го! Кыргыздын тарыхына күйгөн адам Манас бабабыздын руху катылган Каркыраны эч качан чанбайт эле го! Кыскасы мамлекетибиздин башына биринчи кезекте улуттук саясат жургүзгөн, улут үчүн жанын сайган, нукура кыргыз адам керек” деп жазат. Макала: “... Алмаз Атамбаевди тил сынагынан сынып калат деп эч ким ойлобойт. Атайын сындыруу гана болушу мүмкүн” деген саптар менен аяктайт...

XS
SM
MD
LG