Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:01

Румынияга 17 миллиард доллар насыя берилет


Эл аралык валюта кору экономикалык системаны турукташтыруу үчүн Румынияга 17 миллиард доллар өлчөмүндө насыя бөлүү чечимин жактырды. Алгач Румынияга 6 миллиард доллар бөлүнмөкчү. Дүйнөлүк экономикалык кризистен өзгөчө жабыркаган Румынияга насыя эки жылга берилет. Жалпысынан Эл аралык валюта кору, Евробиримдик жана Дүйнөлүк банк Бухарестке 26 миллиард доллар бермекчи. Кечээ Эл аралык валюта кору Румын өкмөтү иштеп чыккан экономикалык программаны жактырган.

XS
SM
MD
LG