Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

АКШ президенти бүгүн Пакистан жана Ооганстан президенттери менен жолугат


Барак Обама Хамид Карзай жана Асиф Али Зардари менен Вашингтондо өткөрүүчү сүйлөшүүлөрдө негизги көңүл Ооганстанда күч алган жана Пакистанда таасири артып бара жаткан Талибан менен күрөшүү маселесине бурулаары күтүлүүдө. Бул жолугушууну утурлай АКШнын Ооганстан жана Пакистан боюнча атайын өкүлү Ричард Холбрук Исламабад Талибанга жана анын өнөктөштөрүнө каршы күрөшүү жөнүндөгү милдеттемесин аткарууга дилгирлигин көргөзүүсү керектигин билдирди.

Ричард Холбруктун айтымында, Талибан менен күрөшүүсү үчүн Вашингтон Исламабадга катуурак кысым жасосу зарыл. Пакистандын колдоосусуз АКШ Ооганстанда ийгиликке жете албайт. АКШ бийликтери акыркы кездери Пакистандын түндүк-батышындагы Сват өрөөнүндө талиб согушкерлеринин күчтөнүүсүнөн тынчызданууда.

XS
SM
MD
LG