Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:40

Түркия соту соңку кандуу окуяга катышы бар делген 8 адамга айып такты


Расмий өкүлдөрдүн айтымында, камалган сегиз адамдын баары - Айыл сакчылары деген, өкмөт каржылаган куралдуу кошуундун мүчөлөрү. Бул кошуун Түркиянын түштүк-чыгышында күрт жикчилерине каршы күрөшүү үчүн түзүлгөн. Ушул дүйшөмбү күнү өлкөнүн күрттөр көп жашаган Мардин провинциясындагы кыштактардын биринде куралчан адамдар үйлөнүү той өтүп жаткан жайда 44 адамды, анын ичинде кыз-күйөөнү, нике кыйып жаткан молдону мерт кылышкан эле. Бийлик өкүлдөрү бул кандуу окуяны эки үй-бүлөнүн ортосундагы кастыктын натыйжасы катары мүнөздөштү.

XS
SM
MD
LG