Ооганстандын түштүгүндөгү Гилменд вилайетинде жанкечтинин кол салуусунан он бир адам набыт болду. Маалыматтарга караганда, чабуулдан дагы он беш киши жаракат алды. Жергиликтүү полиция бөлүмүнүн жетекчиси Абдул Разектин кабарлашынча, окуя Гиришк районунда ооган коопсуздук күчтөрү өтүп бараткан жолдо орун алган.