Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:38

“Ар-намыс” коалицияга кирүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатат


“Ар-намыс” фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу аталган фракция коалициялык көпчүлүккө толугу менен кирүү тууралуу сүйлөшүү жүргүзүп жатканын билдирди. Анын айтымында, азыр фракция лидери Феликс Кулов өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев жана биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен сүйлөшүү жүргүзүп, коалицияга кирүүнүн шарттарын тактап жатат. Бакир уулу анда эң негизги шарт Атамбаев күзүндө президенттик шайлоого кеткенде ордуна Куловду калтырып кетүү болууда экенин айтты.

15-апрелде 10 “арнамысчы” депутат коалициялык көпчүлүккө кире турганын жарыялаган. “Ар-намыс” фракция жыйын куруп бул кадамды мыйзамсыз жана акыл-эске сыйбайт деп баалаган. (EBM)

XS
SM
MD
LG