Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:56

Султановдун үйүндөгү жарылуу иликтенүүдө


Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Садыр Жапаров кесиптеши Марат Султановдун үйүнө белгисиз адамдар жардыргыч зат коюп кеткенин маалымдады. Жапаров төрагадан бул окуяны терең иликтөө тапшырмасын тиешелүү органдарга берүүнү суранды. УКМК жарылуу РГД кол гранатасынан болгону божомолдонуп жатканын билдирүүдө. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Капар Баатырканов окуя түнкү саат 2-3төр чамасында болгонун “Азаттыкка” билдирди. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Рахматулло Ахмедовдун айтымында, окуя УКМК жана ИИМ кызматкерлери тарабынан иликтенип, жарылган заттын күчү, көлөмү такталууда. Жарылуудан жабыркагандар болгон жок. "Азаттыктын" кабарчысы окуя болгон жерден кабарлап, Султановдун үйүнүн биринчи кабатындагы айнеги талкаланып, короосунда жардыргыч заттын сыныктары табылганын билдирди. Айрым маалымат булактары "Ата-Журт" партиясы Марат Султановду президенттик шайлоого даярдап жатканын жазып чыгышкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG