Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:28

Орусиядагы кыргызстандыктар эми бир жума каттоосуз жүрө алат


Миграция боюнча Оштогу жыйын, 29-апрель
Миграция боюнча Оштогу жыйын, 29-апрель

Кыргызстан менен Орусиянын расмий өкүлдөрүнүн 29-апрелде Ош шаарындагы жолугушуусунун жыйынтыгында тараптар ушундай чечимге келишти.

Мындан тышкары кыргыз жарандарынын Орусиядагы укуктарын коргоо жагынан пикир алмашуулар болду. Кыргызстандан 350 миңден 500 миңге чейин жараны Орусия шаарларында ар кандай жумуштарга тартылган. Алардын басымдуу көпчүлүгү Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан.

Орусиядагы мигранттарга жеңилдик берилеби?

Кыргыз өкмөтүнүн башчысы Алмазбек Атамбаев башында турган расмийлер Ош шаарында орусиялык миграция кызматынын өкүлдөрү менен миграция маселесин талкууга алды. Өкмөт башчысы Алмаз Атамбаев жыйындын негизги максаты миграцияга байланышкан эки өлкө ортосундагы мыйзамдык базаларды жакшыртуу, кыргыз мигранттарын атайын укуктук жактан даярдоо жана мындан кийинки кызматташтыкты жакшыртууга багытталганын билдирди:

- Азыркы учурда Орусия менен миграцияга байланышкан жетиштүү мыйзамдык базалар бар. Башка маселе, ушул мыйзамдык базалар тууралуу буга чейин кыргыз өкмөтү, тиешелүү мекемелер Орусияга чыгып кетип жаткан эмгек мигранттарын даярдоо боюнча иштерди алып барган эмес. Мигранттардын көпчүлүгү өз укуктары тууралуу түшүнүгү жок. Бул жыйын дал ушундай маселеге багытталууда. Бул жерге Россия Федерациясынын миграция кызматынын мыкты адистери келди. Алар мигранттар эле эмес биздин министрлер да билбеген мигранттарга байланышкан маселени түшүндүрүп беришти.

Орусиялык миграция кызматынын маалыматында соңку учурларда орус өкмөтү миграция тууралуу мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизген. Бул боюнча Кыргызстандын миграция кызматтары көбүрөөк маалымат таратышы керек. Анткени бул өлкөдөн барган эмгек мигранттарынын саны миңдеп саналат, дейт Орусия президентинин алдындагы аймактар аралык жана чет элдик байланыштар боюнча башкармалыктын жетекчиси Сергей Винокуров:

- Кыргызстандын миграция кызматтары эмгек мигранттарынын укуктарын реализациялоо боюнча аларга көбүрөөк маалымат берип турушу керек. Бизде бул боюнча өкмөттөр аралык комиссия иш алып барып жатат. Эмгек мигранттары боюнча кызматашуу үчүн атайын жумушчу топтору түзүлгөн. Демек, бул маселени ырааттуу түрдө алып барса болот.

Он жылда үч жүз миң кыргызстандык орус атуулдугун алган

Кыргызстандын эмгек жана миграция министри Алмазбек Абытовдун айтымында, учурда жырым миллиондон ашуун эмгек мигранттарынын 80 пайызы Орусия аймагында эмгектенет:

- Орусия федералдык миграция кызматтарынын маалыматында, 2010-жылы Орусия аймагына мыйзамдуу түрдө кирген мигранттар саны 130-140 миңдей жаранды түзөт. 80 миңдей кыргызстандык жарандар жумуш издеп Орусия аймагында мыйзамсыз жүрөт.

Абытовдун айтымында, кыргыз өкмөтү мигранттардын маселеси боюнча бир катар көйгөйлөрдү чечүү аракетин көрүүдө. «Маселен буга чейин Орусияга барган мигрант үч күндүн ичинде барган жерине катталышы керек болсо, биз аны бир аптага чейин деп узарттык», - дейт Абытов. Анын пикиринде, Кыргызстан бажы союзуна кирсе мигранттардын көп маселелери чечилмек:

- Биринчиден, жумушка жайгашуу үчүн берилген уруксатты офицалдуу алуунун зарылдыгы жок болуп калат. Жумуш берүүчү адам өзүнүн өкмөтүнөн жумушчулар саны боюнча квота сурап олтурбайт. Бир гана жумушчу менен жумуш берүүчүнүн ортосунда келишим түзүлөт да, маселе бир топ эле женилдейт.

Расмий өкүл буга чейин кыргыз мигранттары дал ушул маселер боюнча чоң тоскоолдуктарга учурап келгенин белгилеп жатат.

Кыргызстандык мигранттардын маселеси соңку он беш жылдан бери эле чечилбей, улам оор бойдон калып келүүдө дейт серепчилер. Дал ушундай кыйынчылыктардан улам жылына миңдеген кишилер чет эл өлкөнүн жарандыгын алып жатканы айтылууда. Соңку маалыматтарга караганда, 10 жылдын ичинде 300 миң кыргызстандык орус атуулдугун алган.

Расмийлер эми бул орус-кыргыз алакаларынын жанданышы чет жерде иштеп жүргөн эмгек мигранттарына чон жардамын тийгизет деп ишендирүүдө. Жакырчылык жана жумушсуздук күч алган Кыргызстанда дал ушул мигранттар эсебинен миңдеген бүлөлөр күн кечирип, эмгек мигранттарынан жыл сайын миллиондогон каражаттар түшүп турат. Бирок алар бул каражаттарды өз ден-соолугу, кээ учурда өмүрү менен төлөп келүүдө.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG