Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:22

Май айынан тарта күйүүчү май 2-6 сомго кымбатташы мүмкүн


Бул тууралуу “Азаттыкка” Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Жумакадыр Акенеев билдирди. Анын айтымында, Орусиянын өзүндө күйүүчү майга болгон баа өсүп кеткен жана бул өлкөдөн Кыргызстан да бензинди кымбатырак баада сатып алууда. Ушундан улам өлкөдөгү күйүүчү май 2-6 сомго кымбатташы ыктымал. Акенеев баалар өскөнү менен май тартыштыгы болбой турганын билдирүүдө.

“РИА Новости” агенттиги Орусияда 1-майдан тарта күйүүчү майды сыртка ташып чыгууда экспорттук төлөм 44 пайызга өсүп, бир тоннасы 408 долларга жеткенин жазып чыкты. Маалыматка ылайык, буга чейин күйүүчү майдын экспорттук төлөмү тоннасына 283,9 долларды түзгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG