Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:34

Экономикалык быйылкы өсүш өткөн жылдан көп эмес


Кыргызстандын бул жылдын биринчи кварталындагы ички дүң продукциясынын көлөмү былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 0, 2 пайызга гана өстү. Бул көрсөткүч өткөн жылы 5,2%ды түзгөн болчу. Мындай маалымат бүгүн Экономикалык өнүгүү, өнөр жай жана соода министрлигинин жыйынында айтылды. Эсептөөлөргө караганда, айыл чарбасындагы өсүш 1,4 пайызды түзүп, өнөр жайдагы өсүш былтыркыга салыштырмалуу 20 пайызга төмөн болду. Ал эми тейлөө тармагындагы көрсөткүч былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 6 пайыз, курулуштуку 29 пайыз өсүштү түзгөн менен эң төмөн көрсөткүч өнөр жай тармагында болду. Анын себеби өкмөт өзгөчө үмүт арткан “Кумтөр” алтын кениндеги өндүрүштүк көрсөткүчтөрдүн төмөндүгү, айрым ири ишканалардын токтоп калышы болду. Маселен, Токмоктогу “Интергласс”, Кант цемент заводу, Аравандагы цемент заводу жана башкалар токтоп калган. Ал эми инфляциянын деңгээли өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бир пайыздын тегерегинде болду жана өкмөт жыл аягына чейин 10-11 пайызды түзүшү мүмкүн деп божомолдоп жатат.(BD)

XS
SM
MD
LG