Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:00

ТИМ дипломаттык жана кызматтык паспорттордун мөөнөтү бүтөрүн эскертти


Тышкы иштер министрлиги 1998-жылдын үлгүсүндөгү дипломаттык жана кызматтык паспорттордун мөөнөтү 1-июндан баштап күчүн жоготоорун кабарлады. Маалыматка караганда, жогорудагы паспорттор эл аралык талаптарга жооп бербегиндигинен улам, аны алмаштыруу жөнүндө үстүбүздөгү жылдын апрель айында өкмөттүн атайын токтому чыккан. ТИМ тарабынан 2007-жылы 1-июлдан бери берилген дипломатиялык паспорттор жана 2008-жылдын 1-июлунан баштап берилген кызматтык паспорттор мөөнөтү бүткөнгө чейин жарактуу болуп эсептелет. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG