Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:35

А.Жекшенкуловдун соту 20-майда башталат


"Акыйкат үчүн" кыймылынын лидери Аликбек Жекшенкуловго каршы ачылган кылмыш ишти Бишкектин Биринчи Май райондук соту 20-майда карай баштайт. Мындай маалыматты Жекшенкуловдун адвокаты Нина Зотова билдирди. Аликбек Жекшенкуловго алгач Тышкы иштер министр кезинде министрликтин имаратын Кытай каражатына ремонттотуп, жеңил каалгаларды жакшы каалгаларга алмаштырганда 700 миңге жакын сомго зыян келтирген деп кылмыш иши ачылган. Андан кийин ага мамлекет тарабынан сыйлыкка берилген тапанчадан 2007-жылы Таласта түрк ишкери атып өлтүрүлгөн деген кине менен кылмыш иши ачылып, 9-мартт камакка алынган.Оппозиция мындай иштерге негиз жок деп, Жекшенкуловго саясий көз караш, аракети үчүн гана кылмыш иштери ачылып, саясий куугунтукка алынган деп баалаган.(BD)

XS
SM
MD
LG