Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:19

И.Давыдов: Энергетика тармагынын элүү пайызы жараксыз


Энергетика жана отун ресурстар министри Ильяс Давыдов мындай маалыматты бүгүн “Электр тармактарында жоготууларды кыскартуу” деп аталган эл аралык конференцияда билдирди. Анын айтымында, тармакты кыйынчылыкка кептелтип турган үч жагдай бар. Алар: электр энергиясын өндүрүүчү жайларга суунун бир калыпта келбеши, Токтогул суу сактагычынан сууну агызуу көлөмүнүн кийинки жылдарда кескин өзгөрүшү жана өлкө ичинде электр энергиясын пайдалануу багытынын алмашышы. Министрдин айтымында, Токтогул суу сактагычынан коңшуларга суунун 36 пайызы жайында, 62 пайызы кышында берилгендиктен Өзбекстан менен Казакстандан отун алуу шартын кыйындатууда. Андан тышкары өткөн жылдарда электр энергиянын 65 пайызы өнөр жай тармагына, 16 пайызы элге жумшалса азыр электр кубатынын көбүн эл пайдаланып калгандыктан электр таңсыктыгы күчөп жатат.(BD)

XS
SM
MD
LG