Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:56

Сүлүктүдөгү селден бир киши жабыркады


Бул тууралуу Баткен облустук акимчилигинин укук когоо жана коргонуу бөлүмүнөн бүгүн «Азаттыкка» билдиришти. Маалыматка караганда, бул аймакта 14-май күнү түш ченде катуу өткүндөн кийин сел жүргөн. Натыйжада тоодо мал багып жүргөн 48 жаштагы шаар тургуну Заир Тургунов мал жандыгы менен сел астында калган. Бактыга жараша ал киши аман калып, Лейлек райондук ооруканасына жеткирилген. Селден жапа чеккен киши азыр реанимация бөлүмүндө дарыланууда, абалы канаттандыраарлык. Мындан тышкары 15 бодо менен 114 майда мал жандыктарын, 2 жеңил автоунааны сел алып , 1 көпүрөө жарактан чыккан. Учурда Чукул кырдаалдар министрлиги жергиликтүү тургундардын жардамы менен тазалоо иштерин жүргүзүүдө. (JsA)

XS
SM
MD
LG