Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:33

Т.Орозалиев фракция лидеринин орун басарлыгынан баш тартты


Жогорку Кеңештеги "Ак жол" фракциясы бүгүнкү жыйынында төрагасынын орун басары Табылды Орозалиевди парламенттеги бул милдетинен бошотту. Т.Орозалиев мындай өтүнүчү менен бүгүн өзү кайрылды. Ал буга алдыдагы президенттик шайлоодо уюштуруу иштери көп болуп жаткандыгы себеп болгондугун билдирди. "Ак жол" партиясы 1-майдагы курултайында партия төрагасынын биринчи орун басарлыгына Т.Орозалиевди шайлаган. (BD)

XS
SM
MD
LG