Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:54

Акыйкатчы: Жалал-Абад укук коргоонун борбору


Акыйкатчы Турсунбек Акун мындай пикирин бүгүнкү маалымат жыйынында билдирип, ага адам укуктарын коргоо жаатында 2002-жылдан бери күч алган ишкердүүлүк негиз берерин билдирди. Анын айтымында, 2005-жылкы ыңкылап Жалал-Абаддан башталса, азыр чегара коопсуздугун камсыз кылуу, коррупцияга каршы күрөшүү, сөз эркиндигин коргоо боюнча көп аракеттер ушул региондо болуп жатат. Акыйкатчы ошон үчүн өзүнүн аталган облустагы өкүлчүлүгүн материалдык-техникалык жактан жакшы жабдууга көңүл бурарын билдирди. Акыйкатчы андан тышкары Жалал-Абад боюнча өз өкүлүнүн отчетун барып уккандыгын жана өткөн жылы 72 арыз түшүп, анын бир тобу өкүлдүн кийлигишүүсү менен чечилгендигин кабарлады.(BD)

XS
SM
MD
LG