Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:27

Ы.Момбеков: "Ачык саясатка" коркутуу башталды


"Ачык саясат" гезитинин башкы редакторунун орун басары Ырыскелди Момбековдун "Азаттыкка" кабарлоосу боюнча бүгүн саат үчтөн он мүнөт өткөндө гезит редакциясынын имаратына ден бою чың эки жигит келип, аты-жөндөрүн айтпастан башкы редактор Бабырбек Жээнбековду кысмакка алышты. Алар "гезитти жапкыла, силер элди бөлүп-жарып, тынчтык бербей жатасыңар" деген талаптарды коюшуп, Жээнбековго "сенин балаң кайсы жакта экендигин, эмне байлыгың бар экендигин жакшы билебиз, алардан айрылып калышың мүмкүн" деп коркутушту.Ы.Момбеков бул факт боюнча Ички иштер министрлигине арыз берип, атайын билдирүү жасашарын жана коркутуу бийликтин көрсөтмөсү менен болду деген ойдо турушканын кабарлады. Ал эми "Ак шумкар" партиясынын төрагасы Темир Сариев шайлоо алдында турган коомдо карама-каршылыкты пайда кылуу үчүн мындай иштерди жасоого ар кандай күчтөр, анын ичинде бийлик да кызыкдар болушу мүмкүн деп билдирди. Анын баамында, бийлик менен оппозициянын ортосунда карама-каршылыктын күч алышына кылмыштуу топтордун кызыкчылыгы күчтүү. Ошондуктан окуя боюнча Ички иштер министрлиги тезинен чара көрүп, коркуткан адамдарды табууга аракет жасоосу зарыл деди Т.Сариев.(BD)

XS
SM
MD
LG