Бүгүн Тышкы иштер министрлигинде Түрк республикасынын президенти Абдуллах Гүлдүн 27-28-майга болжолдонуп жаткан Кыргызстанга расмий иш сапарына байланыштуу маалымат жыйыны өтөт. Жыйынды Тышкы иштер министринин орун басары Бактыгүл Каламбекова өткөрүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан билдиришти. (AJ)