Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:04

Президенттикке талапкерлердин акыркы тизмеси 23-июнда жарыяланат


Бул тууралуу БШКнын төрагасы Дамир Лисовский кечээ маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, жогорку мамлекет башчысынын кызматына талапкерлерди көрсөтүү 18-майда аяктап, президенттикке талапкер катары БШКга арыз берген 18 адамдын экөө берген арыздарын кайтарып алып, учурда 16 талапкер ат салышууда. “ Алдыда Мамлекеттик тил комиссиясынын сынагынан өтпөй калса, талапкерлердин шайлоо корунун өлчөмүн көрсөтпөсө, ар бир талапкер колдоочуларынын 50 миң кол тамгасын чогулта албаса, 100 миң сом шайлоо күрөсүн койбосо, үгүт иштеринин эрежелерин бузууларга барган талапкерди Борбордук шайлоо комиссиясы каттоодон баш тартат”,-дейт Д.Лисовский. (AJ)

XS
SM
MD
LG