Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:49

Бүгүн Бишкек-Ош жолунун айрым участкалары кыска мөөнөткө жабылат


Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Камбар-Ата-2 ГЭСке Орусиядан алынып келинген гидроагрегат жеткирилгендигине байланыштуу кууш жолдор, чукул кайрылыштар жана тоннелдер жүк ташыгыч унаа өтүп кеткенге чейин кыска мөөнөткө убактылуу жабылат. Маалыматка караганда, Орусиянын заводунда жасалган Камбар-Ата-2 ГЭСине коюлуучу ротордун салмагы 97 тонна, бийиктиги 3 метр, диаметри 6 метр. Аны “Манас” аба майданынан ГЭСке ташып жеткирүүгө Кытайдын “Кайшеньюань” фирмасы жалданган. (AJ)

XS
SM
MD
LG