Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:35

Чет өлкөгө чыккан жаран каттоодон өтүшү мүмкүн


Мындан ары Кыргызстандан чет өлкөгө иштөө үчүн чыгып кетип бараткан жаран миграция боюнча мамлекеттик мекемеден катталышы мүмкүн. Ага негиз берген “Тышкы миграция” жөнүндө мыйзам долбоору даярдалып жатат. Мындай маалымат кечээ Эл аралык миграция уюму менен Кыргызстандын Миграция боюнча комитети уюштурган жыйында айтылды. Эл аралык миграция уюумунун координатору Бермет Молдобаеванын айтымында, мындай жобо жарандардын укугу менен эркиндигин коргоого шарт түзөт. Ал эми “Миграция жөнүндөгү” мыйзамга киргизүү үчүн даярдалып жаткан дагы бир долбоордо Миграция боюнча комитеттин алдында миграциялык фонд түзүү каралып жатат.(BD)

XS
SM
MD
LG