Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:26

Чек окуясына таандык маселени комитет парламентке сунуш кылды


Чек окуясын бүгүн парламенттин Коргонуу, коопсуздук комитети жабык талкуулады. Комитеттин отурумунда депутаттар Тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаевдин, Чек ара кызматынын башчысы Токон Мамытовдун маалыматын угушту. Комитет төрагасынын орун басары, депутат Асанбек Байтиковдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда комитет Чек маселесин жалпы сессиянын жума күнкү отурумуна сунуш кылды.
19-апрелде Өзбекстандын куралчан күч кызматкерлери кыргыз-өзбек чек арасындагы Чек айылына кирип, жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө тинтүү жүргүзүшкөн жана бул айылга өз тосмосун орноткон.
Бүгүн уюштурулган маалымат жыйынында Кыргыз өкмөтүнүн аймактык маселелер боюнча адиси Саламат Аламанов Чек айылы боюнча талаш жок экенин, ошого карабастан Өзбекстан өз ара макулдашууну бузгандыгын белгиледи. Чек ара боюнча эки тараптуу комиссия чек ара делимитацияланып бүткөнгө чейин тигил же бул жерге постторду койбой турууну мурда макулдашкан. (BuS)

XS
SM
MD
LG