Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:41

АКШ аскерлери Ирактын шаарларынан чыгарылды


Бул жараян кечээ аяктап, шаарлардагы коопсуздукту көзөмөлдөө милдети эми жергиликтүү күчтөргө өткөрүлүп берилди. Америкалык күчтөрдүн шаарлардан чыгышына байланыштуу Иракта майрамдык салтанаттар, башкалаа Багдадда аскерий парад өттү.

АКШ президенти Барак Обама Вашингтондон сүйлөгөн сөзүндө аскерлердин Ирактан шаараларынан чыгарылышын кубаттады, бирок алдыда дагы кыйынчылыктар чыгуусу мүмкүн экенин эскертти.

Июнь айынын соңунда эле Иракта бир нече ири терракттар орун алды. Кечээ өлкөнүн түндүгүндө жайгашкан Киркук шаарындагы жардыруудан кеминде 24 адам каза таап, 40тай киши жарадар болду.

АКШ баштаган коалициянын күчтөрү Иракка басып киргенден алты жыл ашун убакыт өткөндөн кийин америкалык аскерлердин шаарлардан кетүүсү Вашингтон менен Багдаддын ортосундагы коопсуздук келишимине ылайык жасалды. Ал келишим боюнча АКШ аскерлерин Ирактан 2011 –жылдын аягына чейин биротоло чыгарып кетүүсү керек. Учурда АКШнын Иракта 133 миңдей жоокери бар.

XS
SM
MD
LG