Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:55

Ооган апийими боюнча Вашингтондун жаңы стратегиясы


АКШнын Пакистан, Ооганстан боюнча атайын элчиси Ричард Холбрук анын өлкөсү Ооганстанда апийим плантацияларын жок кылуу стратегиясынан баш тартып жаткандыгын жарыялады
АКШнын Пакистан, Ооганстан боюнча атайын элчиси Ричард Холбрук анын өлкөсү Ооганстанда апийим плантацияларын жок кылуу стратегиясынан баш тартып жаткандыгын жарыялады

АКШнын президенти Барак Обаманын аймактык өкүлү жакында Вашингтон Ооганстанда апийим плантацияларын жок кылуудан баш тартып, анын ордуна аткезчиликти токтотуп, мыйзамдын иштешине жана апийимдин ордуна башка өсүмдүктөрдү өстүрүүгө артыкчылык берээрин жарыялады. Дүйнөдөгү маң заттарынын 90 пайызын өндүргөн өлкөдөгү стратегиядагы мындай кескин бурулушка карата пикирлер ар кандай болуп жатат.

Малик Нияз – айыл аксакалы, аны жергиликтүү кеңештердин жыйынынан, жер менчигине байланышкан талаштарга арачы түшүп, уруулар арасындагы кун кууган араздашуулар менен алектенип жүргөнүн көрөсүз. Мындан бир нече жыл мурда ал апийим өстүрчү. Кандагар дубанынын тургуну бийликтердин үгүт-насаатына муюп, апийим өстүрбөй калган. Азыр ал туура чечим болгонуна анчейин көзү жете бербей жүргөн чак:

– Биз апийим өстүрөндү токтоттук, анткени биздин мекенибизде жылыш болсун дедик. Чет элдиктер бизге апийим өстүрбөсөңөр, өлкөңөрдүн өнүгүшүнө жардам берген болосуңар деген. Бирок азырынча биз өлкөбүздүн өнүккөнүн көрө элекпиз.

АКШнын администрациясы колдогон апийим плантацияларын жок кылуу операциялары катуу сындалып келген эле. Бириккен Улуттардын Баңгизат жана Кылмыштуулук кеңсесин жетектеген Антонио Мариа Коста бул стратегияны «кейиштүү тамаша» деп атаган:
- Кейиштүүсү, бул стратегияны ишке ашырууда көп тартип коргоочу, аскерлер курман болду, бирок болгону 5 миң гектар апийим жок кылынды, бул бардык плантациялардын 3 гана пайызын түзөт.

АКШнын стратегиясында эми мындан ары баңги аткезчилиги менен алектенген ири ооган кор башыларын кылтакка түшүрүүгө басым жасалмакчы. Өткөн аптада америкалык СиБиЭс жаңылыктар каналы билдиргендей, АКШнын Баңги заттары менен күрөш администрациясы Багжо ажы, Жумахан ажы, Баз Мухмад ажы деген корбашыларды колго түшүргөн. Аларга Талибанга көмөктөшкөн деген айып тагылып, азыр сот иши жүрүп жатат. Май айында Нью-Йорк соту Ооганстандан дагы бир баңги аткезчиси Башир Нурзайды героин аткезчилигине байланыштуу өмүрүнүн аягына чейин түрмөдө отурууга өкүм чыгарды. Нурзай 2005-жылы камакка алынган.

Экспеттер аткезчилердин ана башылары өкмөттө отурса да кармаш керек экендигин белгилеп, ошондой эле плантацияларды жок кылуудан расмий баш тартууну калпыстык деп баалашууда. Стив Шаулис Ооганстандын түштүгүндө альтернативалык өсүмдүктөрдү жайылтууга адистешкен борборазиялык компаниясынын жетекчиси. Ал апийим плантациясын жок кылуудан эч качан майнап болбогондугун моюнга алып, бирок бул стратегиядан баш тарттык деп жар салбастан, жаңы стратегияны киргизше бериш керек эле деп эсептейт.

Ал эми ооган өкмөтүндө апийимди жок кылуудан баш тартууга тикелей каршылык да бар. Зулмай Афзали Ооганстандын Маңзаттары менен күрөш министрлигинин маалымат катчысы:

– Плантацияларды жок кылуу ооган өкмөтүнүн баңги затын жок кылуу боюнча улуттук сратегиясынын өзөгүн түзөт. Биздин көз карашыбызда, мыйзамсыз ишке мыйзамга ылайык мамиле жасалышы керек. Апийимди жок кылуу - ушундай жараяндардын бири.

Афзалинин ырастоосунда Ооганстанда апийим өстүрүү кескин азайды. Былтыр эле 24 дубандын 18и апийимден арылган аймак деп табылды. «Быйыл бул көрсөткүч 24-26га жетет», дейт ал.

Бирок эл аралык адистердин эсебинде, Ооганстанда баңги өндүрүшү олуттуу азайган жок. Азыр эми ооган өкмөтү АКШнын жаңы стратегиясы менен жакындан таанышып, аны өздөрүнүкү менен салыштырып көрүшмөкчү.

XS
SM
MD
LG