Хелманд вилоятындагы алкактуу операцияга америкалык аскерлерден 4 миң жана ооган полициясы менен аскерлеринен 650дөй адам катышууда. Муну азыр АКШда президент Барак Обаманын администрациясы келгенден бери талиптерге каршы деңтиз аскерлери тарабынан жасалып аткан эң ири иш-чара дешти. Ооганстандагы талиптердин негизги уюктарынын бири жана апиим эң көп өндүрүлгөн аймактардын бири дал ушу Хелманд виолаятында деп айтылат.
Ооганстандын түштүгүндө Американын деңиз аскерлери талиптерге каршы операциясын өткөрүп жатышат