Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:57

Фарах Пандит айым мусулман дүйнөсүнө көпүрө курат


АКШ Мамдепартаменти мусулман өлкөлөрү боюнча атайын өкүл дайындады. Фарах Пандит айым башындагы жаңы түзүлгөн кызматтын милдети-мусулмандар менен сүйлөшүү, байланышуу жана Кошмо Штаттардын мусулман дүйнөсү менен диалог куруусун тездетүү. Фарах Пандит - теги индиялык мусулман үй-бүлөдөн. Ал буга чейин АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинде иштеген.

Фарах Пандит - Кашмирде туулуп, Кошмо Штаттарда чоңойгон америкалык мусулман. Мамдепартаментте Фарах айым башындагы жаңы бөлүмдүн түзүлүүсү - президент Обаманын АКШнын мусулман дүйнөсүндөгү кадыр баркын көтөрүү, ошондой эле Европа, Азия жана Африка мусулмандары менен кызматташууну жакшыртууга ниетин ишке ашыруудагы дагы бир реалдуу чара.

Обама 4-июнда Каирде болгондо АКШ жана мусулмандар арасындагы алаканы «өз ара кызыкчылыктын жана сый-урматтын негизинде» жүргүзөөрүн, “Америка жана ислам атаандышууга муктаж эмес” экенин айткан.

41 жаштагы Фарах Пандит анын жеке жана өкмөттүк сектордогу иш тажрыйбасы карапайым мусулмандардын, анын ичинде жаштардын да зарылдыгын угуп, аларга татыктуу жардам көрсөтчү иштердин демилгечиси болгонго мүмкүнчүлүк берет деп ишенет:

- Ок оңдой алчу эч нерсе жок. Мусулмандар менен мамилени тез жакшыртчу керемет программа болбойт. Уга билүү керек. Эмне болуп жатканын түшүнүү абзел. Биздин элчиликтер менен үзүрлүү иштешип, башкалар эмне айтканын, эмне ойлогонун, эмне көздөгөнүн жана эмнеге ишенгенин билүү керек, деди Пандит 1-июлда журналисттерди өз иш планы менен тааныштырып жатып.

Пандит буга дейре Улуттук коопсуздук кеңешинде, АКШнын эларалык өнүктүрүү агенттиги - USAIDдин Кабылдагы кеңсесинде иштеген. Соңку эки жылда мурдакы президент Буштун ислам өлкөлөрү боюнча кеңшчиси да болгон.

Акбар Ахмад Вашингтон университетинин Исламды изилдөө борборунун башчысы. Илимпоз-жазуучу ислам жана тышкы саясат боюнча АКШнын Ооганстан жана Ирактагы күчтөрүнүн командачысы Дэвид Петреусту жана элчи Ричард Холбрукка кеңеш берген. Пандит айымдын АКШнын тарыхында мурда жок жаңы кызматка дайындалуусуна байланыштуу берген интервьюда, Акбар Ахмад мусулмандарды угуу иштин жарамы, аракеттенүү керек деген пикирин ортого салды:

- Обамага убакыт жетишпейт. Ал ишти шыр алып кетүүгө даяр, ал ээрде. Мусулман өлкөлөрү Ооганстан менен Пакистанда кризис өсүүдө. Палестинадагы кырдаал дагы курчууда. Укканга убакыт жок. Азыр проблеманы түшүнүп, кырдаалды жөндөө боюнча сунуш киргизип, адамдарда ишенимди жандыруу, мусулман дүйнөсүнүн эли менен кандайдыр мамиле түзүү керек. Ушул элден чыккан Фарах проблеманы тереңден билет.

Акбар Ахмаддын пикиринче, Фарах Пандиттин ага жүктөлгөн милдетти аткаруусун жеңилдетчү бир маанилүү фактор бар. Бул теги мусулман Обаманын мусулман маданиятын, коомун, тарыхын түшүнгөнү жана Каирдеги сөзүн мусулман элдеринин жүрөгүнө жеткени.

Мусулман өлкөлөрүндө айрыкча президент Буштун тушунда Американы душман көрүү күч алган. Мындай маанайды өзгөртүү үчүн АКШ мусулмандар ынап, ишенгендей иштерди жасоо керек, дейт Акбар Ахмад:

- Мусулмандарды угуп-түшүнүү, ара намыс жана мамилени кайра түзүү жөнүндө сөз кылган жакшы. Бирок, палестиндер, же Түштүк Азияда кашмирликтер, же чечендер, же пакистандыктар эки айдан кийин эч нерсе өзгөргөн жок деп турса, ошондо нааразылык өсүп, үмүт өчөт.

Фарах Пандит айымдын сөзүнчө, ал биринчи чет өлкөлүк ырасмий сапарга жайдын аяк ченинде барат.

Тасмада: Үмүт отун жандырган сөздөр

АКШ президенти Барак Обама 4-июнда Каирде дүйнө мусулмандарына кайрылып, эл аралык коомчулук көптөн назар кадап күткөн сөзүн айтты. ZMa.

Үмүт отун жандырган сөздөр
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:10 0:00
XS
SM
MD
LG