Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:30

Нурлан Мотуев Алмазбек Атамбаевди сотко берди


Президенттикке талапкер ошондой эле жергиликтүү басылмалардын бирин да сотко берип, гезитти үгүт иштерин жүргүзүү укугунан ажыратуу талабын койду. Нурлан Мотуевдин штабы тараткан маалыматка караганда Алмазбек Атамбаевди жана гезитти сотко берүүгө басылмадагы А. Атамбаевдин үгүт материалы Шайлоо кодекси талап кылган маалыматтар жок жарыяланышы себеп болгон. Нурлан Мотуев Биринчи Май райондук сотуна жазган доо арызында талапкер Алмазбек Атамбаевди шайлоого катышуу укугунан, басылманы болсо үгүт иштерин жүргүзүү укугунан ажыратуу талабын койгон. Ушул эле мазмундагы доо арыз БШКга да жолдонгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG