Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:49

Конуш жаштарын колдоо боюнча долбоор ишке кирди


“Эрэп” ассоциациясынын аткаруучу деректири Мирзат Ажиевдин “Азаттыкка” маалымдашынча, бул долбоор жети айга белгиленген. Бул убакыт аралыгында Бишкектеги төрт конуштан жаштардын беш өздүк жардам тобу түзүлөт. Алар конуштардагы билим берүү боюнча демилгелерди иштеп чыгып, өз аймактарындагы көйгөйлөрдү чечүү жаатында аракеттерди жүргүзүшмөкчү. Учурда айрым топтор түзүлдү жана алдыдагы иш-аракеттерин аныктап жатышат. Бул доолбор АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (ЮСАИД) колдоосу менен ишке ашууда. Бишкекте 47 жаңы конуш бар жана тургундарынын басымдуу бөлүгүн ички мигранттар түзөт. (EBM)

XS
SM
MD
LG