Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:33

Айыл чарбасына 1 млрд. сом инвестиция тартылат


Анын 400 млн.сомун Өнүгүү фонду, 300 млн.сомун Улуттук банк, ал эми 300 млн.сомун коммерциялык банктар бермекчи. Бул тууралуу бүгүн КР президенти Курманбек Бакиев Суусамырдагы малчылардын 4-слетунда сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Мамлекет башчынын сөзү боюнча айыл чарбасындагы камсыздандыруу принциптерин өркүндөтүүгө бюджеттен 100 млн.сом бөлүнмөкчү. Мындан тышкары дүйнөлүк базарда экологиялык жактан таза продукцияга чоң талап болуп жаткан азыркы шартта өзүбүздө өндүрүлгөн продукцияны кайра иштетип, атаандаштыкка туруштук бере алган даяр товарга айландырып, экспортко алып чыгуу керек, деп белгиледи президент. Жаңы эрежелерге ылайык азык-түлүк “Агропродкорпорация” тарабынан сатылып алынып, министрликтерге тендерсиз эле сатылат, мындан өздөрү эч нерсе өндүрбөстөн, тендерден утуп алып эле пайдага туйтунуп жаткан ортомчулардын ишине бөгөт коюлат, деди мамлекет башчы. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG