Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:31

Обама: Путиндин “бир буту эски жолдо, экинчи буту жаңы жолдо турат”


Обаманын Орусияга боло турган сапары жөнүндө орус телеканалдары үзбөй берүүдө
Обаманын Орусияга боло турган сапары жөнүндө орус телеканалдары үзбөй берүүдө

Россия АКШ менен мамиле курууда Кансыз согуш жылдарынан келаткан усулдарды колдонууну токтотуусу керек. Президент Барак Обаманын сөзүнчө, ал мындай пикирин келерки жумада Москвага барганда премьер-министр Владимир Путинге айтат. Мурдараак президент Дмитрий Медведев Кошмо Штаттары менен мамилени оңдоонун жаңы жолдорун табууга үмүткөр экенин билдирген.

Президент Обама бейшемби күнү Associated Press агенттигине берген интервьюда, премьер-министр Путиндин Россиядагы саясый таасири дале күчтүү экенин айтты. Обаманын сөзүнчө, бөтөн өлкөлөр менен мамиле курууда Путиндин “бир буту эски жолдо, экинчи буту жаңы жолдо турат”. Обама бирок президент Медведев менен анын мамилеси жакшы өнүгүп жатканын белгиледи.

Президент Медведв 1-июлда АКШ президенти Обама менен телефондон сүйлөшүүдө.
Барак Обаманын "Владимир Путин АКШ менен мамиледе Кансыз согуш жылдарындагы усулдар менен иш жүргүзөт" деген сөзүн Россия премьер-министринин өкүлү Дмитрий Песков жаңылыш пикир деп четке какты....
Д.Медведев өз сайтында 2-июлда чыккан видеодо Обама менен Россия-АКШ кызматташуусунун жаңы жолдорун табууга үмүттөнгөнүнө жана Обаманын эки өлкө алакасын жакшыртууга даяр экенине көңүл бурат:

-Президент Обама башындагы АКШнын жаңы администрациясы кырдаалды өзгөртүүгө, мурдакыдан эффективдүү, ишенимдүү жана жаңыча мамиле курууга даяр экенин көрсөтүүдө. Биз буга даярбыз.

Росия президенти эки өлкөнү цивилизация дөөлөттөрү, адам өмүрүн, адам укугун жана адам эркиндигин урматтоодогу окшоштуктар бириктирип турат деп эсептейт.

АКШ жана Россия алакасы былтыр августа болгон беш күндүк орус-грузин согушунан кийин 1990-жылдардан берки эң жаман абалга түшүп кеткен.

Ядролук куралдарды кыскартуу Обаманын 6-июлда Москвада башталчу визити кезинде талкууланчу негизги тема болмокчу. Россиянын Федерациялар Кеңешинин тышкы байланыштар комитетинин төрагасы Михаил Маркеловдун Ройтерс агенттигине айтышынча, тараптар ядролук дүрмөттөрүн азайтууга даяр:

-Биз алга жылууга даярбыз. Бүгүн жапырт куралсыздануу нонсенс экенин жакшы түшүнөбүз. Бул ядролук клубдун азыркы жана потенциалдуу мүчөлөрү үчүн мүмкүн болчу эң чоң белек болот, бирок 1500 дүрмөт реалдуу жана жетчү деңгээл деп ойлом.

Стратегиялык куралдарды кыскартуу боюнча СТАРТ-1 келишиминин мөөнөтү декабрда бүтөт. Ага чейин АКШ жана Россия жаңы келишимди иштеп чыгышы шарт. 2002-жылкы макулдашууга ылайык, 2012-жылга ар тарапта 1700-2200 даанадан ядролук ракетасы калууга тийиш.

Кабарларга караганда, Москвадагы сүйлөшүүдө Россия өз территориясы аркылуу Ооганстандагы америкалык аскерлерге зарыл каруу жаракты үзбөй өткөрүп турууга да кепилдик береринен Вашингтон күмөн санабайт.

Бирок Москвадагы Карнеги институтунун серепчиси Мария Липмандын пикиринче, АКШ-Россия алкасынын ырааттуу өнүгүүсүнө эки арадагы айрым келишпестиктер жолтоо болот:

-Россиянын негативдүү приоритеттери бар: НАТОго Грузиянын же Украинанын кошулуусун каршы жана Американын Ортолук Европага анти-ракеталык коргонуу системасынын элементтерин жайгашуусун каалабайт.

Баса, Барак Обаманын Владимир Путин АКШ менен мамиледе Кансыз согуш жылдарындагы усулдар менен иш жүргүзөт деген сөзүн жума күнү орус премьер-министринин өкүлү Дмитрий Песков жаңылыш пикир деп четке какты. Эмки аптада Путин менен болгон сүйлөшүүдөн кийин, Обама өз пикирин өзгөртөт деп ишенгенин билдирди Путиндин өкүлү.

Кошмо Штаттар Түндүк Корея менен Иранды ядролук куралга жеткирбей токтотуунун аракетинде. Бул проблеманы жөнгө салууда президент Обама Россия менен колмо-кол иштешүүнү оң көрөт. Иран массалык кыргын салчу куралга ээ болсо, Жакынкы Чыгышта жарыша куралдануу башталат, же Барак Обаманын сөзүнчө, “чоң алааматка чок ташталмак”.

XS
SM
MD
LG