Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:28

Кызыл-Туу айылынын жанында Торугарт-Бишкек жолу ачылды


Бул тууралуу Ат-Башы районунун акиминин орун басары Тимур Козубеков “Азаттыка” билдирди. Анын айтымында, Арпа, Аксай жайлоолорун Кытайга 49 жылга ижарага берилет деген маалымат жалган. “Жайлоону ижарага берүү боюнча эч кандай сөз дагы болгон эмес жана документтерге кол коюлбаган. Бул эл арасына таратылган ушак кеп. Кызыл-Туу айылдарынын тургундары менен түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин Бишкек-Торугарт авто жолу ачылып, жүк ташуучу жана жеңил машинелер өткөрүлдү”,-деди Т.Козубеков.
Кызыл-Туу айылындагыларга кошулган Казыбек, Кара-суу, Кара-Булуң айылдарынын тургундары Аксай, Арпа маселесинен бөлөк, балдарга пособиелердин кыскарышы, электр энергиясынын кымбатташы, Торугарт-Бишкек жолунун талкаланышы сыяктуу жана башка проблемаларды козгошту. Райадминистрациянын өкүлү бул проблемалар акырындап чечиле турган маселелер экендигин билдирди. (AJ)

XS
SM
MD
LG