Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:57

БШК:Шайлоо бүллетендери басылып бүттү


Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы кезектеги отурумунда шайлоо бүллетендери басылып чыкканын, эми жер-жерлердеги участкалык шайлоо комиссияларына жеткирилерин билдирди. 10-июлдан баштап Бишкек шаарында жана облус борборлорунда шайлоого карата концерттик программалар тартууланарын маалымдады.

Ошондой эле БШК президенттикке талапкер А.Атамбаевдин ишенимдүү 18 өкүлүн каттап, мурда катталган бир адамын кайта чакыртып алууну карады.

Эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо маселесинде ШКУдан 2, Орусиянын БШКнан 2, ЕККУнун адам укуктары боюнча бюросунан 5 өкүлдү узак мөөнөттөгү байкоочу катары каттады. Маалыматка караганда 28 өлкөдөн 111 байкоочу катталып, КМШнын миссиясы байкоо жүргүзүүгө 82 адамдын тизмесин берген. (AJ)

XS
SM
MD
LG