Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:43

Р. Абдулбакиев: Кытайда уйгурлардын укугу басмырланып жатат


Үрүмчүдөгү тополоң, 5-июль, 2009-жыл.

Үрүмчүдөгү тополоң, 5-июль, 2009-жыл.

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районундагы окуяларга байланыштуу Кыргызстандагы уйгурлардын “Иттипак” уюмунун мурдагы жетекчиси Розмухамбет Абдулбакиевди сөзгө тарттык.

- Розмухамбет мырза, кечээ Кытайдын Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда полиция менен жергиликтүү тургундардын ортосунда кагылышуу болуп, бир нече адам каза таап, жарадарлар дагы бар экен. Сиздин оюңузча, шундай окуялардын чыгышына негиз боло турган кандай себептер бар?

- Тарыхыбыз боюнча 1944-49-жылга чейин Шарки Түркистан республикасы Советтер Союзунун жардамы менен беш жылдык азаттыкка келген. Бирок кийин Сталин менен Мао Цзедун сүйлөшүп геосаясий маселелери менен уйгур калкын курмандыка алып келген. Кытай Шинжаң- Уйгур автаном району түзүлүп, бирок автономиядан азыр эч нерсе жок. Уйгур калкынын өзүнүн укугу да жок. Ал гана эмес Мао Цзедун жазган укуктардан эч нерсе жок. Акыркы убакта Кытай өнүккөнү менен, уйгурлар жашап жаткан жерден ушунча байлык чыгып аткан жерде уйгурларга эч нерсе жок. Анан саясий, социалдык, сөз эркиндиги, өздүк эркиндиги дегендерге Кытай, анын тоталитардык режимдеги коммунисттери албетте каршы чыгат. Кытай уйгурдун тарыхын жок кылышка аркет кылып аткандыгы үчүн, уйгурдун жерине алып келип уйгурдун тарыхын, сөзүн жок кылып аткандыгы үчүн каршылык чыгып, миңдеген адамдар жарадар болуптур. Азыр кытайлык масаалык маалымат каражаттары дароо эле уйгурлардын экстремизмге күнөөлөп киришти.

- Уйгурлардын бүткүл дүйнөлук уюму бар эмеспи, мына ошолордун жакында Америкада курултайы болду. Анда кандай маселелер көтөрүлдү жана бул уюмдун негизги максаты эмне?

- Мен да дүйнөлүк курултайдын мүчөсү болом, өзүбүздүн алдыбызга койгон тапшырмаларыбыз бар. Өз тагдырына уйгур эли өзү ээ болуш керек, бүгүнкү күндө БУУнун башкы документтерине ылайык болот да. Бирок булардын баары тынчтык жолу менен колго келишке киришебиз, иштейбиз. Кытайдын ММКсы албетте бизди сепаратист, экстремисттер деп айтты. Сепаратист деп бөлүнгөндү айтат да, маселен Гонг-Конг, Тайвань эли бөлүнөмүн деп айтса сепаратизм деп аталат. А басып алган жерде кандай сепаратизм болсун.

- Уйгурлардын Германияда жайгашкан Бүткүл дүйнөлүк уюму дүйнө коомчулугуна Кытайдагы рассизимди жок кылуу, ага каршы күрөшкө үндөгөн чакырык таштады. Башка жакта жашаган Уйгурлар аны кандай кабыл алып жатышат жана ушул чакырыкка дүйнө коомчулугу жакшы реакция жасашы мүмкүнбү?

- Реакция болот, бирок азыр өзүңүз көрүп атасыз кош стандарт деген нерсе бар. Бүгүнкү күндө экономиканы биринчи орунга коюп жатышат. Жакында Америкада дүйнө уйгурларынын үчүнчү курултайы болуп өттү, ошол жерде Американын конгрессмендери катышкан, алар айтып атпайбы, Американын өкмөтү өзүнүн эконмикалык кызыкчылыктарын карап инсандын окуу укугу жана уйгурлардын укугуна көңүл бөлбөй атат деген сындарды. Америкалык конгрессмендер өздөрү айтып атат. Дүйнөнүн демократиялык коомчулугу албетте уйгурлардын укугун тынчтык жолу менен алышын колдойт.

- Азыркы кезде дүйнөдө кайсы мамлекеттерде уйгур улутундагы канча адам бар?

- Көпчүлүк уйгурлар негизинен Орто Азияда, мурунку Советтердин аймактарында жашайт. Андан башка Австралия, Канада, Америка, Европа, Түркияда уйгурлар жашап атат. Анын санын эч ким билбейт, азыр мурунку сандар менен келишпей жатпайбы. Мунун өзү саясий суроо болуп атат. Канча уйгур өзүнүн тарыхый мекенинен сыртында жашап жатканын аны азыр эч ким билбейт.

- Кыргызстандагы уйгурлар дипломатиялык жолдор менен кыргынды токтотуш үчүн кандай аркеттерди көрөсүздөр.

- Эртең “Иттипактын” борбордук комитетинин жыйналышы болгону жатат. Маселени тынчтык жолу менен чечүүгө чакырык жасайбыз, андан башка ылаажыбыз жок.

- Маегиңизге рахмат.
е рахмат
XS
SM
MD
LG