Бул тууралуу Ат-Башы районунун акими Коногалы Мааткабылов “Азаттыктын” кабарчысына билдирди. Кечээ аталган райондогу Кызыл-Туу айылынын тургундары Торугарт-Бишкек авто жолун тосуп, Торугарт бажы бекетинин райондун аймагына 50 чакырым ичкери Коргон-Ташка киргизилишине, ал жердеги кытайлык атуулдардын курулушуна каршы нааразылыгын билдиришкен. Бул боюнча вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов баштаган өкмөттүк комиссия Торугартка чейин барышып, маселенин чоо-жайын иликтешип, курулуш иштерин токтотууга көрсөтмө бергенин, дубандагы кабарчыбыз билдирди. Маалыматка караганда Коргон-Ташта үч-төрт үй курулган. (AJ)