Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:46

Ч. Баекова: Мигранттарды коргогон керектүү мыйзамдар бар


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрага орун басары Чолпон Баекова АКШдагы Тилектештик борборунун Европа жана Азия өлкөлөрү боюнча департаментинин башчысы Тимоти Раян менен жолгушууда билдирди. Анда тараптар эмгек миграциясынын күңгөй-тескейин талкуулашты. Ч. Баекова Кыргызстанда мигранттардын укугун ар тараптан коргоого алган мыйзамдардын баары кабыл алынганын айтты. Т. Раян учурдагы дүйнөлүк каржы каатчылыгында эмгек мигранттарды өзгөчө аялуу болуп, коргоого муктаж экенин баса белгиледи. Анын маалымдашынча, АКШдагы Тилектештик борборунун өкүлчүлүктөрү дүйнөнүн алтымыштай өлкөсүндө ачылган жана 27 эл аралык кеңсеси бар. Алардын бири Кыргызстанда жайгашкан. (EBM)

XS
SM
MD
LG