Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:12

Индонезиядагы шайлоодо кызматтагы президент алдыга чыкты


Өлкөдө кезектеги президенттик шайлоо бүгүн өттү. Анын натыйжасында учурдагы президент Сусило Банбанг Йодхойоно дагы бир беш жылдык мөөнөткө кайра шайланчудай. Коомдук пикирди иликтеген үч ири институттун шайлоо бекеттеринде жүргүзгөн сурамжылоосуна караганда, Йодхойоно үчүн добуштардын 50%дан ашууну берилген. Бул шайлоонун экинчи айлампасы өтпөйт дегенди билдирет. Шайлоо бекеттеринде жүргүзүлгөн ошол эле сурамжылоого караганда, анын атаандаштары мурдагы президент Мегавати Сукарнопутри 26%, вице-президент Юсуф Калла 16% добуш алган.

Кайра шайланары күтүлүп жаткан Банбанг Йодохойононун өкмөтү Индонезияга саясий стабилдүүлүктү, тынчтыкты алып келди жана экономиканын абалын да акыркы он жыл ичиндеги эң жакшы деңгээлге көтөрө алды.

XS
SM
MD
LG