Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:02

БШК төрагасы Европа биримдигинин өкүлдөрү менен жолукту


Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Дамир Лисовский бүгүн Европа Биримдигинин атайын өкүлдөрү менен жолугушту. Делегация курамына учурда Европа биримдигине төрагалык кылып жаткан Швециянын тышкы иштер министри Ян Ниберг, Швециянын Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандагы элчиси Ханс Олссон, Германиянын Кыргызстандагы элчиси Хольгер Грэн баштаган дипломаттар кирген.

Жолугушуу учурунда дипломаттар алдыдагы президенттик шайлоонун маанилүүлүгүн баса белгилешип, шайлоо процессине көңүл буруп карап турушканын жана ал аралыкта болгон бардык маалыматтарды тактап, иликтешерин айтышты.

Бүгүнкү күнгө чейин БШК алдыдагы шайлоого сереп сала турчу 193 эл аралык байкоочуларга күбөлүктөрүн тапшырган. (IJz)

XS
SM
MD
LG