Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:10

БЭК Ысык-Ата районунун Кочкорбаев айылынын башчысын сотко берет


Бул тууралуу Бириккен элдик кыймылдын саясий кеңешинин мүчөсү Топчубек Тургуналиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаевди колдоо иретинде бүгүн Ысык-Ата районунун эли менен жолугушууга барышкан БЭКтин мүчөлөрүнө Кочкорбаев айылынын өкмөт башчысы Эмил Алабачаев тоскоолдуктарды жасап, айрымдарына кол көтөргөнгө чейин барган.

“Баарыбызды тилдеп, жалданма адамдарды айдактап, мага жулкунуп, Эмил Каптагаевге кол көтөргөнгө чейин барды. Эми биз аны сотко берсекпи деп турабыз”,- дейт Топчубек Тургуналиев.

Буга чейин президент жана президенттикке талапкер Курманбек Бакиев бардык талапкерлерге бирдей шарттар түзүлөрүн, бут тосуулар болбосун айтып келген. Бийлик өкүлдөрү болсо бут тосуулар тууралуу айтылган бардык айыптоолорду четке кагып келатышат. Ал эми аталган Ысык-Ата районунун Кочкорбаев айыл өкмөтү менен байланышууга азырынча мүмкүнчүлүк болбоду. (IJz)

XS
SM
MD
LG