Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:14

"Кылым шамы" Жалал-Абатта жоочулар өлтүрүлгөнүнөн шек саноодо


“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова "Азаттыкка" Жалал-Абатта жоочулар эмес, карапайым адамдар өлтүрүлгөн деген пикирин билдирди. Анын айтымында, аталган уюмдун өкүлдөрү Жалал-Абат шаарынын ички иштер бөлүмүндө убактылуу кармоочу жайда Тажикан Сатыбалдиева деген аялга кездешкен. Хизб-ут Тахрир уюмуна мүчө деген айып менен кармалып турган бул аял Жалал-Абатта жакында эле Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн Абдысамат Сатыбалдиевдин жубайы болуп чыккан. Камактагы аял күйөсүнүн денесин туугандары көргөнүн, коопсуздук кызматкерлери аны өзүн-өзү жардырып жиберди деген менен, денеси таза экенин, террорчуларга тиешелери болбогондугун айткан.

А. Абдирасулова андан кийин атышуу болгон Жалал-Абат шаарынын Пахта көчөсүнө А. Сатыбалдиевдин атасы жашаган үйгө барышкан. 70 жаштагы атасы ошол күнкү атышууда анын дагы бир Абдукарим Сатыбалдиев деген уулу окко учканын, анын беш баласы болгонун айткан. Эки уулунан тогуз бала жетим калганын, азыр экөөнүн тең сөөгүн алалбай жатканын айткан. А. Абдирасулова мындай коогалуу кырдаал боюнча Акыйкатчыга айткан, баш прокурордун түштүктөгү орун басары Рыскул Бактыбаев менен сүйлөшкөн, бирок ал мыйзамга ылайык жоочулардын сөөгү берилбей турганын билдирген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз өкүлү Рысбек Быкын уулу “Азаттыкка” Жалал-Абатта жоочулар эмес, карапайым адамдар өлтүрүлдү, деген маалыматты четке какты. 23-июнда Жалал-Абатта коопсуздук кызматы атайын операция өткөрүп анда беш жоочу өлтүрүлгөнү кабарланган. (EBM)

XS
SM
MD
LG